9月4日 的 Ажылык 應用程式分析
Ажылык
- BRAIT TEKHNOLOZHI, OSOO
- Apple App Store
- 免費版
- 旅行
«Ажылык» — Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык сапарын уюштуруу, эсепке алуу, коштоо жана мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтырууга арналган мамлекеттик санариптик маалыматтык система.
Тиркеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ажылар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгы, ажылыкты уюштуруучулар жана төлөм системасынын ортосунда санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Тиркеменин жардамы менен колдонуучу:
ажылыкка катышуу үчүн каттала алат;
арызын жана керектүү документтерин электрондук түрдө бере алат;
жеке маалыматтарын коопсуз сактап жана жаңырта алат;
арызын кароо этаптарына көз сала алат;
документтерди тариздөө жүрүшү боюнча билдирмелерди ала алат;
интеграцияланган төлөм системасы аркылуу төлөм жүргүзө алат;
төлөмдөрдүн абалы тууралуу маалымат ала алат;
ажылыкты уюштурууга байланышкан электрондук кызматтарды пайдалана алат;
санариптик платформа аркылуу ажылыкты уюштуруучулар менен өз ара байланышта боло алат.
Система ажылардын борборлоштурулган эсебин жүргүзүүнү, мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды иштеп чыгууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Колдонуучулардын жеке маалыматтары ажылыкты уюштуруу, мамлекеттик электрондук кызматтарды көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жана системанын коопсуз иштешин камсыз кылуу максаттарында гана иштетилет.
Системаны иштеп чыгууда жеке маалыматтарды коргоого, маалыматтык коопсуздукка, каттоо жана төлөм процесстеринин ачыктыгына, ошондой эле маалыматтарды ишенимдүү сактоого өзгөчө көңүл бурулган.
Тиркемени колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Колдонуучу келишимине жана Купуялуулук саясатына ылайык жүргүзүлөт.
商店排名
商店排名基於Google和Apple設定的多個參數。
所有類別 在
美國--
旅行 在
美國--
建立帳戶即可查看平均每月下載次數聯絡我們
隨時間變化的 Ажылык 排名統計
Similarweb 的使用排名和Apple App StoreАжылык排名
排名
無可用數據
的頂級競爭對手和替代方案
來自同一應用商店,有很高可能被相同使用者使用的應用程式。
無可顯示數據
9月 4, 2026
