11月4日 的 Намаз китеби 應用程式分析
Намаз китеби
- Nurislam Abdimalikov
- Apple App Store
- 免費版
- 生活方式
«Намаз китеби» — Кыргызстандагы мусулмандар үчүн намаз убактыларын так билүүгө, даарат жана намазды туура үйрөнүүгө арналган ыңгайлуу жана заманбап мобилдик тиркеме.
Тиркеме Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ / Муфтият) бекитилген расмий убактыларына жана Ханафи мазхабына негизделген.
НЕГИЗГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ:
1. Намаз убактылары:
• Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кыргызстандын бардык район-аймактары үчүн так убакыттар.
• Кийинки намазга чейин калган убакытты көрсөтүүчү таймер.
• Ар бир намазга азан жана эскертмелерди орнотуу мүмкүнчүлүгү.
2. Намаз окууну нөлдөн баштап үйрөнүү:
• Эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө, сүрөттөрү менен толук көрсөтмөлөр.
• 5 убак намаз: Багымдат, Бешим, Аср, Шам, Куптан.
• Кошумча намаздар: Витр, Жума, Айт, Жаназа жана Таравих намаздары.
• Ар бир кыймылдын тартиби, окулуучу сүрөлөр, тасбихтер жана дубалар.
3. Даарат, Гусл жана Таяммум:
• Даарат алуунун тартиби (сүрөттөрү менен).
• Даараттын парздары, сүннөттөрү жана дааратты бузуучу нерселер.
• Толук жуунуу (гусл) жана суу жок кездеги таяммум эрежелери.
4. Куран сүрөлөрү жана аудио:
• Намазда окулуучу кыска сүрөлөр (Фатиха, Ихлас, Фалак, Нас ж.б.).
• Арабча тексти, кыргызча транскрипциясы жана маанилик котормосу.
• Белгилүү кары Махмуд Халиль аль-Хусаринин окуусундагы жогорку сапаттагы аудио.
5. Дубалар жана Зикирлер:
• Күнүмдүк дубалар, намаздан кийинки тасбихтер жана истигфарлар.
6. Ыңгайлуулук жана Жөнөкөйлүк:
• 100% Акысыз жана ЭЧ КАНДАЙ ЖАРНАМАСЫЗ.
• Интернетсиз (оффлайн) иштөө мүмкүнчүлүгү.
• Көзгө жагымдуу, заманбап жана түшүнүктүү дизайн.
• Тилдер: Кыргызча, Русский, Ўзбекча.
---
«Намаз китеби» — удобное исламское приложение для мусульман Кыргызстана. Пошаговое обучение намазу и омовению (по мазхабу Абу Ханифа), точное расписание намазов по всем регионам Кыргызстана (по Муфтияту), короткие суры с аудио чтением шейха аль-Хусари, транскрипцией и переводом, дуа и зикры. Полностью бесплатно и без рекламы!
商店排名
商店排名基於Google和Apple設定的多個參數。
所有類別 在
美國--
生活方式 在
美國--
建立帳戶即可查看平均每月下載次數聯絡我們
隨時間變化的 Намаз китеби 排名統計
Similarweb 的使用排名和Apple App StoreНамаз китеби排名
排名
無可用數據
的頂級競爭對手和替代方案
來自同一應用商店,有很高可能被相同使用者使用的應用程式。
無可顯示數據
11月 4, 2026
